Бишкектиктерди шаардын тазалыгын сактоого үндөө максатында “Биз таза шаар үчүн!” аттуу акция өтөт. Иш-чарага мэриянын, коомдук жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышмакчы. Тактап айтсак, 5-апрель күнү саат 10:00дөн баштап активисттер Чүй, Киев көчөлөрүн жана Эркиндик бульварын таштандыдан тазалашат.
Акцияга катышууну каалагандар Чүй-Фучик, Чүй-Курманжан датка, Бөкөнбаев-Манас жана Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде топтолушарын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.