Бүгүн, 4-апрелде Азамат Болгонбаев, Токтобек Асаналиев, Алтынбек Максүтов, Олжобай Шакир, Зайырбек Ажыматов, Аалы Туткучев өңдүү маданият кызматкерлеринен турган чыгармачыл топ “Кыргызстанга маданият керекпи?” деген суроонун алкагында журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Анда чыгармачыл жаштар бийликтегилердин маданиятка болгон кайдыгер мамилесин айтып, нааразычылыгын билдиришти.
Жыйында сөз алган акын Олжобай Шакир: “Маданият министрлигине маданиятка такыр тиешеси жок кишини коюп коюшту. Муну менен биздин азыркы бийлик төбөлдөрү маданиятка балта чаап жатышат. Жанга азык берген, көөнөрбөс мурасты жеткирген маданиятка бийликтегилер көңүл бурушпаса, митингге чыгабыз”,- деди.