Бүгүн, 4-апрелде Ош шаардык мэриясындагы кезектеги коллегиялык жыйында вице-мэр Жапар Ормонов акча каражаты максатсыз жумшалганын айтты. Мисалы, Амир-Темир кичи районунда 90 орундуу бала бакчанын курулушу 42 миллион сомго бааланган. Мунун артынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө "дал ушул бала бакчаны мындан эки эсе арзан бүтүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар" деген тыянак чыгарылды. Ушул сыяктуу көптөгөн мыйзам бузуу фактылары бар экенин айтты вице-мэр.
Андан тышкары 2013-жылда куруу жана пайдаланууга тапшыруу пландаштырылган курулуш объекттери боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жана 2014-жылдагы милдеттер айтылды.