Трансформаторго күйүп калган Айгеримдин жакындары “Чыгыш электрден” 5 миллион сом талап кылышууда

Нарын облусунун Ат-Башы районунда трансформаторго кирип, күйүп калган Дүйшөмбиева Айгеримдин жакындары “Чыгыш электр” компаниясынан 5 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде өткөн маалымат жыйынында аталган компаниянын өкүлдөрү кабарлашты.

Компаниянын техникалык директору Керимбек Насыровдун айтымында, компенсациянын суммасы 5 миллион сомго чейин өсүп кеткени таң калтырууда. Себеби Айгеримдин жакындары жана адвокаты менен компаниянын өкүлдөрү жолугуп, 2 миллион сомго токтолушкан. Көп өтпөй "5 миллион сом берсин" деген талап менен сотко арыз жазганын айтышты.  

Эске салсак, окуя 2013-жылдын 28-апрелинде катталган. Анда 10 жаштагы Айгерим мектептин тегерегинде жайгашкан трансформаторго кирип, катуу күйүккө кабылган. Учурда анын абалы дагы да болсо кыйын. Тамак жебей, сүйлөбөй калган Айгеримдин жакындары буга чейин операция үчүн 40 000 доллар (2 миллион сом) керектигин айтып, элге жардам сурап кайрылып жатышкан. Жакынкы күндөрү бул иш токтотулганы маалым болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
bekbolot-NOOKAT
2014-04-05 01:20:13
Ооо Аллах озун жараткан пенделеринди Азаптан сактай кор !!! Аминь
+1
Murok
2014-04-05 02:02:16
Охххх журогум ооруйт
0
Murok
2014-04-05 02:07:16
Жок дегенде ушу транформаторлорду тыныраак тозуп коюшпайбы ыя, бул деген бала куноолуу эмес бул деген шалаакылык , бала деген бала, ага кызык болду да. Эмне баарынар Тим эле укмуш акылдуу болуп чонойдунар беле?
0
primer-dent
2014-04-05 06:18:07
Кызын операциясыга кеткен чыгымды толотуп(5 же андан коп же аз) кудайдан омурун тилеген туура деп ойлойм.Оз кызын базарга салбай.Дагы озу билет.
0
Mahabat88
2014-04-05 08:03:56
Атбашынын озундо болуптурбу кайсы улицадагы трансформатор экен билгендер барбы
0
kg_07
2014-04-05 09:27:04
bew emes on bew da azdik kilat, baikuw kiz ai ((((
0
samar55
2014-04-05 13:56:13
Урматтуу форумчулар мен Чыгышэлектр ААК -нын мурдагы кызматкеримин жана мен иштеп турган кезде да бир жаш электромонтер бала ушундай кырсыкка иш убагында кабылган .Бирок ишкана толоп берчу 1570000 сомду толобой даары дармегине гана бир аз жардам берип сот иштерин жаптырып койгон.Муну менен эмнени айткым келет кайдыгерчилик бизде кандайдыр бир денгээлде онуп осуп атат.Жоопкерчиликти ар бир жаран озубуздон баштасак...
+1
aibars
2014-04-05 19:52:35
Kyzdy ( Chet Mamleketten ) Eng kuchtuu degen Clinicterden darlatyp. Anan 20000000 $ bersener dagy azdyk kylat. Bul kyzdyn jashoosu emi kyin. Bizde Kyrgyzstanda ar bir ishkana oz emgegin tak jana taza atkarsa.
0
only_progress
2014-04-05 23:29:08
2миллион 5миллионго осуп кеткенине караганда ошол 2миллионду да берген эмес окшойт бул компания. Макул ошол 2 миллионду да берсинчи королу... Айып албетте трансформатор орноткондордо. Техникалык коопсуздука жооп бербейт азыркы копчулук трансформаторлор.
0
Abdyrawit
2014-04-06 03:14:27
only_progress, сага 100% кошулам.
Электр зымдары жана трансформаторлор качанкы бир кылымдарда орнотулган боюнча.жамгыр жааган куну трансформаторлордун жанына баруу эмес жанынан оттуу коркунучттуу болуп калат.бут бардык жагы чирип калган
0
Adiko..91
2014-04-06 13:59:16
булда болсо шалакылык ош тиешелуу адамдар озун бекем култтап койбойбу тегереги тоспойбу эх айта берсен арман коп
0
gulperi.kg
2014-04-06 15:47:37
Байкуш кичинекей акыбалын карагылачы((((
+1
Lumia-800
2014-04-06 21:19:11
Эмне учун жогорудагы чындык соз учун минусту басасынар тушунбойм?! Трансформаторго эмне учун кирет? "Саяк журсон таяк жейсин" дейт Кыргызда!
0
Sima.m
2014-04-06 22:14:17
правильно выразились Lumia почему она туда залезла,? и где они были? без дыма огня не будет!!!
0
asiret
2014-04-07 09:47:59
Аны деген жаш бала деп коёт. 5 миллиондон да коп сурашса болмок экен
0
mikeno
2014-04-08 00:21:36
ИИ байкушум десе. Аябай жаман болуптур. Абайласа болмок экен. Менин да эки кызым бар ошолорду эстеп денем титиреп кетти. Чыгыш Электро ал акчаны бергиче Айгерим 18ге чыгып калат болуш керек. Андан коро жумурай-журт жардам корсотсок болмок. Супер инфо ошол жагын да караштырбайсынарбы. Клавиатураны чукулап отура бергенибизде пайда жок. Жардам керек болсо баардыгыбыз биригип колдон келген жардам корсотолу
0
admin_superstan
2014-04-08 10:02:15
mikeno, төмөнкү шилтеме менен кирсеңиз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=64483&view=findpost&p=1615763
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан