Ырчы Айпери Кубик кызынын жаркылдап күлүп түшкөн сүрөтүн жарнактардан көрүп калсаңыз, таң калбаңыз. Анткени ырчы акактай таза жана бүтүн тиштер жагымдуу жылмаюунун гана эмес, ден соолуктун да негизин түзөрүн даңазалоо максатында стоматологиялык клиниканын жарнагына тартылды.
“Бул клиниканын жетекчиси Нургазы Каримов атама “Айперини биздин жарнакка тартсак кандай болот?” деп сунуш киргизиптир. Дароо эле макул болгон жокмун. Анткени мен үчүн анын кандай клиника экени маанилүү болчу. Келип таанышып, бир-эки тишимди дарылаттым. Мага анын заманбап жабдыктар менен жабдылганы жана тейлөөсү жакты. Жарнакка тартылуу менен бул клиниканын VIP-кардарына айландым",- дейт ырчы.
Айпери Кубик кызы жарнамага тартылуу менен гана алек болбостон, учурда чыгармачылыктын үстүндө да кызуу эмгектенип жатканын айтат. “Жакында эле түштүк жергесинен 20 күндүк турнеден кайтып келдик. Учурда "Алма", "Агым", “Ким элең?” деген жаңы ырларымды жаздырып жатам. Аны менен катар “Салам, жигиттер!” деген ырыма клип тарттыруудамын. Буюрса, чыгармаларым даяр болору менен SUPER.KG порталынын колдонуучуларына тартуулайм",- дейт.