Жалал-Абад шаарында өспүрүм балдардын арасында кылмыштуулуктун саны азайды. Мындай маалыматты ШИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясынын тескөөчүсү Эрлан Бакиев бүгүн, 4-апрелде билдирди.
“Өткөн айда шоктук кылган 2 өспүрүм катталган. Бул көрүнүш мурунку айларга салыштырмалуу бир топ аз”,- дейт ал.
Бул көрсөткүч ай сайын жүргүзүлгөн рейддердин жана окуучулардын кылмыштуулуктан алыс болуусун шарттоо максатында түшүндүрмө иштери жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасы экенин кошумчалайт ал.