Бүгүн, 4-апрелде өлкөнүн маданият тармагында кызмат өтөгөн чыгармачыл жаштар президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасашты. Анда алар бүгүнкү улуттук деградацияга алып келген көрүнүштөргө тынчсызданганын айтышкан.
"Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди чукул арада чыгармачыл жаштар менен бетме-бет жолугушуп, учурдагы абалды талкуулоого чакырабыз. Биз, жаштар, "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө" деген жарлыгыңызды негиз тутуп, түзүлгөн бүгүнкү коалициялык өкмөттүн кадр тандоо саясатындагы алешемдиктерге жол бергибиз келбейт” деп жазылат кайрылууда.
Белгилей кетсек, бүгүн 4-апрелде чыгармачыл топ Азамат Болгонбаев, Токтобек Асаналиев, Алтынбек Максүтов, Олжобай Шакир, Зайырбек Ажыматов, Аалы Туткучев “Кыргызстанга маданият керекпи?” деген суроонун алкагында журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү. Анда чыгармачыл жаштар бийликтегилердин маданиятка болгон кайдыгер мамилесинен айтып, нааразычылыгын билдиришти.