Бишкектин мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Биринчи Май районунда санитардык тартипти бузууларды аныктоо боюнча рейд жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан “Арал” кафесинин айланасынан курулуш таштандылары табылды. Мындан тышкары Токтогул көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайда тартип бузуулар аныкталды.
Рейддин натыйжасына таянсак, эки ишкананын ээлерине протоколдор түзүлүп, тиешелүү материалдар Биринчи Май районунун административдик комиссиясына жөнөтүлдү.