Ош технологиялык университетинде эсепчилердин кесиптик майрамы белгиленди

Кечээ, 3-апрелде Ош технологиялык университетинде Бухгалтерлердин эл аралык күнүнө карата адистиктер арасында КВН болуп өттү. Аталган иш-чара окуу жайдын Экономика жана башкаруу факультети тарабынан уюштурулуп, жалпысынан 5 команда катышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Рамис Ыдырысов билдирди.

Атайын уюштуруу тобу тарабынан даярдалган жобого ылайык, командалар “Студент кечээ, бүгүн жана эртең” деген теманын тегергинде тамашаларын көргөзүштү. Студент менен мугалимдин ортосундагы мамилелерди , студенттердин иш-аракеттери жана жаштардын азыркы коомдогу орду тууралуу маселелерге кеңири токтолушту.

Жыйынтыгында 1-орунду “Финансисттер” командасы, 2-орунду “Стар групп”, 3-орунду “4-жигит” командалары ээлешип, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Жеңүүчү командаларга окуу жайдын профсоюз уюму тарабынан Арсланбап эс алуу жайына 7 күндүк жолдомо берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан