Вице-спикер Асия Сасыкбаева Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы А.Кремер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 4-апрелде Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремер менен жолугушту. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу алкагында эл аралык донордук уюмдар менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтык мамилелердин платфорасын түзүү маселесин талкуулады.

Вице-спикер кыргыз тарап донорлор менен жигердүү иш алып барууга кызыкдар экенин баса белгилеп, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен Дүйнөлүк банктын вице-президенти жолугушкан учурда эл аралык уюмдар менен кызматташуунун негизги багыттары талкууга алынганын эске салды.

Кремер донордук уюмдардын парламент менен иштешүүсүнүн ар кандай баскычы бар экенин, ошондуктан укуктук негизде мамиле түзүү үчүн расмий платформаны иштеп чыгуу зарылчылыгын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан