Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Жолдошум экөөбүз Бишкекке каттоого турганбыз. Турмуш кургандан кийин Жалал-Абадда жашадык. Ал жактан нике күбөлүгүн алалы десек, "Бишкекке каттоого турган экенсиңер, ошол жактан аласыңар" дешти. Бишкекке келгиче эле кайнатам жолдошумду Орусияга чакырып калды. Мен кош бойлуумун, ай-күнүмө жетип калдым. Нике күбөлүгүбүз ошол бойдон бүтпөй калды. Бирөөлөр "ишеним кат аркылуу алсаңар болот" дегенинен жолдошум ишеним кат жазып берип кеткен эле. Ошону менен нике күбөлүгүн алсам болобу? Суроо калтырган nurik-jami
Жооп: - Ишеним кат менен никеге туруу мүмкүн эмес. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесине ылайык, никеге турууну каттоо никелешкен адамдардын катышуусу менен гана жүргүзүлөт.
Суроого Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Токтобаева Клара жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.