Депутаттар Калкты жайгаштыруу боюнча эл аралык конференциянын "Аракет" программасынын ишин талкуулашты

Бүгүн, 4-апрелде Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин улуттук комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиеванын жетекчилиги астында "Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык конференциянын "Аракет" программасы: Кыргызстандагы жетишкендиктер жана чакырыктар" деген темада тегерек стол өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Данияр Тербишалиев, мамлекеттик орган, мекемелердин, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ниязалиева 1994-жылы өткөн Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык конференциянын 20 жылдык "Аракет" программасы кабыл алынганын, ал жалпы билим берүүнү камсыз кылууга, балдардын жана энелердин өлүмүн азайтууга, 2015-жылга чейин ден соолуктун репродуктивдүүлүгүн коргоого багытталганын эске салды.

"Бул программаны ишке ашыруу жыйынтыгын чыгарып жатып Кыргызстан саясий жана экономикалык кыйчалыш кырдаалга карабастан, белгилүү бир ийгиликтерге жете алганын ишенимдүү айта алабыз. Мисал катары балдардын жана энелердин өлүмүн азайтуу жаатында жасалган аракеттерди келтирсек болот",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан