Кыргызстанда мектеп жашындагы 2177 бала ар кандай себептерден улам мектепке барбайт

Кыргызстандын билим берүү тармактары республикада 2013-2014-жылкы окуу жылына карата август айында окуу жашындагы балдар боюнча каттоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 2177 бала ар кандай себептер менен окууга барбагандыгы маалым болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.  

Мектепке барбаган балдардын жалпы саны 2177ни түзсө, анын ичинен 664 бала үй-бүлөлүк шартына байланыштуу барбайт. Ал эми 709 бала үй-бүлөдөгү социалдык-экономикалык жактан тартыштык же башка себептер менен барган эмес жана жумушка тартылган. 

Учурда министрлик менен биргеликте эл аралык уюмдар, ЮНЕСКО, Эл аралык эмгек жана балдар институтунун көмөгү менен билим берүү тармактарында кечки жана сырттан билим алуу боюнча жаңы программалардын үстүндө иштер жүрүп жатканын билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан