КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Апрель элдик революциясынын баатырларын эскерүү максатында ишембилик өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, ишембиликтин негизги максаты - жаштарды коомдук ишке тартуу, жарандык жана мекенчилдик аң-сезимин көтөрүү. Апрель революциясынын баатырларын эскерүү максатындагы ишембилик өлкөнүн бардык аймактарында өтүп, ага орто кесиптик-техникалык окуу жайлардын студенттери жана министрликтин кызматкерлери катышат.