Кыргызстан боюнча мектеп жашындагы 15 миң баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
"Бүгүнкү күндө 15 миң баланын ичинен 7,5 миң бала орто мектептерде билим алып келет. 3777 бала атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн интернаттарда окушат. Ата-энелердин макулдугу менен 3 миң бала үй шартында билим алса, 821 бала ар кандай клиникалык себептер менен окууга тартылган эмес" деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.