Бишкекте орнотулган "акылдуу" эсептегичтердин саны 16 444кө жетти. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКсынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, эртең, 5-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ак-Өргөө конушундагы (От-Араба, Камбаркан, Теңдик, Тынчтык, Илим, Айдың-Көл, Жолон, Чамгарак, Кырк-Чоро, Жетиген, Саадак), Алтын-Ордо конушунда, Кара-Жыгач конушундагы (Шаты, Берекет, Каркыра көчөлөрүнө) "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери улантылат. Мындан улам аталган аймактарда электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.