Бүгүн, 4-апрелде Ак үйдүн 3-кабатында жаңы намазкана ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Намазкананын ачылышына Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев, КМДБнын Уламалар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров жана башка депутаттар катышты.
Анда депутат Төрөбай Зулпукаров азан чакырып, жума намазын окушту.
Ал эми Ак үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан эски намазкана намаз окуган кыз-келиндерге бошотулуп берилди.