4-апрель күнү Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында “Жаз-2014” мода жумалыгынын биринчи күнү өттү. Анда Аруужан Алымкулова, Мадина Капаева, Алла Тригубова, Татьяна Воротникова, Ольга Стогова, Айдай Асангулова жана ырчы Анжеликанын үлпөт, кече көйнөктөрү элге тартууланды.
Айта кетсек, мода жумалыгынын экинчи күнүндө жаш дизайнерлердин коллекциялары көрсөтүлөт. Ал эми үчүнчү күнү мыктылар тандалат.