7-Апрель окуясына карата уюштурулган иш-чаралардын өтүшүнө байланыштуу Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 5-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 7-апрель күнү саат 07:30дан 11:30га чейин Чүй проспекти Абдрахманов көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин жабылат. Ошондой эле Киев жана Фрунзе көчөлөрүндө унаалардын өтүшүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.