“Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү бүгүн, 5-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзамдын максаты аскер кызматкерлеринин статусун, анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана аскер кызматынан бошотулган жарандарды социалдык жактан коргоо укуктарын камтыган “Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболорун өркүндөтүү болуп саналат.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду.