Бүгүн, 7-апрелден баштап бүткүл Кыргызстан боюнча «Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014» кампаниясынын демилгечилери пайдалуу коомдук иш-чараларды башташат. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.
Кыргызстандын бардык аймактарында миңдеген жаштар ушул күндөрү «Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!» урааны менен колдоого жана көңүлгө муктаж адамдар үчүн 100дөн ашуун социалдык иш-чараларды уюштурушат.
Аталган жумалыктын катышуучулары интернаттык мекемелердеги балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн акцияларды уюштурушат. Ошондой эле социалдык инфраструктуранын объекттерин калыбына келтирүүгө жардам беришип, жардамга муктаж жана үй-жайы жок адамдарга тамак-аш таратышат.
Мындан сырткары бактарды актап, флешмобдорду жана жүрүштөрдү уюштурушуп, акысыз кеңеш кызматтарын, спорттук оюндар менен мелдештерди уюштурушуп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырышат.