Бүгүн, 7-апрелде Элдик революциянын 4 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралардын өтүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 7-апрель күнү саат 07:30дан 11:30га чейин Чүй проспекти Абдрахманов көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин жабык болот. Ошондой эле Киев жана Фрунзе көчөлөрүндө унаа каттамдары маал-маалы менен токтотулат.