Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кызматына расмий түрдө киришти. Өкмөт башчыны аппарат кызматкерлерине Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев тааныштырып, Оторбаевдин ишине ийгилик каалады. Коалициялык көпчүлүктүн лидери Феликс Кулов “Жаңы өкмөт 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин аягына чейин иштешин каалайм. Кыйынчылыктарга карабай, коюлган тапшырмаларды бирге ишке ашыра алабыз” деп билдирди.