Садыр Жапаров Улуттук оппозициялык кыймылга мүчө болду

Экс-депутат Садыр Жапаров 5-апрелде тараткан видеокайрылуусунда "мен Улуттук оппозициялык кыймылга кошулдум жана элди 10-апрелде өтчү митингге чакырам" деп билдирди.

"Биз Алмазбек Атамбаевдин авторитардык бийлигине каршы чыгабыз деген эки акциябызды артка жылдырууга аргасыз болдук. Ал эми бүгүн Улуттук оппозициялык кыймылдын программасы, максаттары жана бийликке койгон талаптары менен таанышып чыгып, бул кыймылга өзүмдүн кошулганымды билдирем. Кимде-ким чет элдиктерге сатылып жаткан Кыргызстандын байлыктары кайра элге кайтарылсын десе, мен ошолор менен бирге болом. Биз бириккенде гана олуттуу күч боло алабыз. Ошондуктан мен Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жарандарды 10-апрелде УОК уюштуруп жаткан Бишкектеги митингге катышууга чакырам. Кимде-ким каражаты же транспорту жоктугунан Бишкекке келе албаса, анда аларды облустук борборлордо 10-апрелде өтчү митингдерге келүүгө үндөйм. 10-апрелде митингде жолукканча саламатта болгула",- дейт Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 17-мартында Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтына курултай өткөрүүгө камылга көрүп жатып, бирок “курултай өткөрүүгө бийлик тоскоолдук кылып жатат” деп курултайды 31-мартка жылдырган. 31-мартта курултай өткөрүлгөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан