Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 7-Апрель - Элдик революциясынын 4 жылдыгына карата 500гө чукул жаштар ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-апрелдеги иш-чара куран окуу жана бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Мектеп окуучулары жана студенттер Пушкин атындагы сейил бакка балатыларды отургузушту. Активисттердин айтымында, жаштардын митингдерге эмес, ишембиликтерге катышышы жакшы жышаан.
Белгилей кетсек, Апрель окуясында Ысык-Көл облусунун 11 тургуну көз жумуп, 40ы жараат алган.