Ош шаарында окуучулардын демилгеси менен «Биз таза шаар үчүн!» деген аталышта акция өткөрүлдү

Ош шаарында "Биз таза шаар үчүн!" деген аталышта окуучулардын демилгеси менен акция уюштурулду. Анда ар ишемби сайын ишембиликке кайдыгер караган инсандарга үлгү болуу максатында көп кабаттуу үйлөрдүн астын тазалап чыгышат.

Уюштуруучулардын айтымында, акциянын катышуучулары негизинен тазалык иштери начар жүргүзүлгөн аймактарга барышат.

Маалыматка ылайык, өткөн ишембиликке 500гө жакын окуучу шаарды тазалоо үчүн чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан