Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 5-апрелдеги өкмөт жыйынында жазгы талаа иштери боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
“Жаздын бир күнү жылды багат. Иштер өз убагында бүтүшү үчүн суткасына 24 сааттан, аптасына 7 күндөн иштешиңер керек. Аба ырайына байланыштуу талаа иштери кечеңдеп жатат, ошондуктан бардык зарыл чараларды көрүп, ресурстарды пайдалануу керек”,- деди өкмөт башчы.
Жыйындын аягында Оторбаев тийиштүү министрликке жана мекемелерге жазгы талаа иштерин өз учурунда бүтүрүүнү буйруду.