“Жазгы талаа иштеринин маалында акимдер кабинетте отурбашы керек”,- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 5-апрелдеги өкмөт жыйынында. Жазгы талаа иштери боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
“Эң башкысы, статистикалык маалыматтар менен чектелүүгө жол берилбеши керек. Өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жана акимдер кабинетте отурбашы керек. Аймактарга чыгып, дыйкандардын көйгөйлөрүн чечишсин. Фермерлерге максималдык түрдө жардам берүү шарт”,- деди Оторбаев.
Премьер-министр Айыл чарба жана мелиорация министрлигин эл менен тыгыз иштешүүгө чакырды.