Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюп, 4 жыл мурда болгон Элдик апрель революциясынын баатырларын эскерди.
Элдик апрель революциясынын 4 жылдыгына арналган гүлчамбар коюу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, «Ала-Тоо» аянтында 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, КР мамлекеттик башка органдарынын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Аза күтүү убактысынан кийин карабиндерден үч жолу залп атылып, Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолду. Расмий аземден кийин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү маркумдарга багышталган куран окуду.
Элдик апрель революциясынын күнү - 2010-жылдын 7-апрелинин 4 жылдыгына арналган иш-чаралар Кыргызстандын башка шаарларында жана райондорунда да өткөрүлөт.