Алмазбек Атамбаев Апрель окуясы тууралуу: "Бул күн өлкөбүздүн тарыхын, ар бирибизди өзгөрттү. Жүрөгүбүздү  жаралантты. Үмүтүбүздү жандырды

Президент Алмазбек Атамбаев 7-Апрель - Элдик революция күнүнүн 4 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. 

Кайрылуунун тексти:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мекендештерим!

Бүгүн биз кыргыз тарыхында түбөлүккө калчу окуяны – Апрель революциясынын 4 жылдыгын белгилеп жатабыз.

2010-жылдын 7-апрелинде элдин чыдамы түгөнгөн. Минтип жашоого болбойт деп, жамгырлуу жаздын күнүндө миңдеген кыргызстандыктар үй-бүлөлүк бийликке, зомбулукка, адилетсиздикке каршы көтөрүлгөн.

Ошол кезде мамлекетти канкор уурулар башкарып калган. Саясий атаандаштарынын, сын айткандардын көзүн тазалап, коркутуу-үркүтүү бийлик үчүн кадыресе ишке, мамлекеттик башкаруунун ыкмасына айланган.

Кыргызстан коррупциянын чеңгелинде калган. Бир үй-бүлө чексиз байып, карапайым кыргызстандыктар жакырлыкка белчесинен баткан. Бийлик башында тургандар өлкөнү көз көрүнө талап-тоноого өткөн. Ондогон жылдар бою аталарыбыздын маңдай тери менен курулган ири мамлекеттик ишканалар, социалдык объектилер, жерлерибиз, кеңдерибиз - эл байлыгы арзыбаган тыйынга сатылып кетип жаткан. Карапайым элдин айласы кетип, кыштын кыран чилдесинде жылуулукка жетпей, чырак жагып, караңгыда отуруп калган.

Адам укуктары, сөз эркиндиги тебеленип-тепселген. Ал кезде жадакалса ашынган “демократия жактоочулары” бийликтин оозун карап, элдин оор абалына көз жумуп коюшкан.

Күн санап үмүт чырагы өчө баштаган. Элдин эрки майтарылып, өлкөнү кара булут каптагандай сезилген.

Бирок далай кыйынчылыктарды, сыноолорду баштан кечирген кыргыз эли адилетсиздикке жана зомбулукка эч качан моюн сунган эмес. 2010-жылдын апрелинде кыргызстандыктар эркиндикти жана адилеттикти туу тутарын жалпы дүйнөгө ачык көрсөттү!

Өлкөбүздүн башкы аянтында мөндүрдөй жааган октон жалтанбай эл турду. Тынчтык мезгилде ок атылып, карапайым жарандар курман болуп жатышты. Бирок эч ким качкан жок. Жыгылгандардын ордун башка азаматтар толуктап турушту. Эч ким качкан жок. Анткени бул жакшылык менен жамандыктын, чындык менен жалгандын, жарык менен караңгынын ортосундагы күрөш болду.

Ардактуу менин мекендештерим!

Биз бул күндү эч качан унутпайбыз! Бул күн өлкөбүздүн тарыхын өзгөрттү. Ар бирибизди өзгөрттү. Жүрөгүбүздү жаралантты. Үмүтүбүздү жандырды.

Эркиндик жана чындык, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн шейит кеткендерди унутууга акыбыз жок! Убакыт өткөн сайын айрым өлкөлөр ыдырап, бөлүнүп-жарылып жатканын көрүп, курман болгон баатырларыбыз элибиздин биримдигин, Кыргызстаныбызды сактап калгандыгын даана түшүнө баштадык.

7-апрель күнү ажалдан жалтанбаган баатырлар адилеттүү жана күчтүү өлкө үчүн өмүрүн беришти. Ошол кыялды биз ишке ашыралы. Шейит кеткендердин жаркын элесин жүрөгүбүздө сактап, баарыбыз биригип өнүккөн, жаңы Кыргызстанды куралы!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан