Депутаттар 7-Апрель окуясынын баатырларын эскеришти (фото)
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 7-апрелде 2010-жылдагы 7-Апрель окуясынын 4 жылдыгын эскерүү иш-чараларына катышты. Ак үйдүн алдында 2002-жылкы Аксы жана 2010-жылкы Апрель окуяларынын баатырларына арналып тургузулган эстеликке, андан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги эстеликке гүл коюшту.