Бишкекте ыктыярчылар балдар интернатына жардам көрсөтүү үчүн “Жакшылык кыл!” акциясын уюштурушат 

Бишкектик ыктыярчылар балдар интернатына жардам көрсөтүү максатында “Жакшылык кыл!” акциясын уюштурушууда. Шаар көчөлөрүндө жаштар ак куту көтөрүп алып оюнчук, кийим-кечек, акча каражаттарын чогултушат. 19-20-апрелге белгиленген акцияда чогулган каражаттар Беловодск жабык интернатына жана Токмоктогу интернатка берилет. 

Акцияны “Башка муун” демилгечи жаштар тобу жана “Жаш-Булак” коомдук бирикмеси, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын “Кол колго” студенттик комитети уюштурууда.  

“Каржы жагынан же азык-түлүк жардамы болобу, биз бардык жардамга ыраазы болобуз. Сиздерге бир оюнчук же кийим берүү кыйын болбосо керек. 2 күн эмне чогултсак, ошонун баарын балдарга беребиз”,- дешет уюштуруучулар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан