Ош шаарындагы Сулайман тоодогу кооптуу таш кулатылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү аталган министрликтин Мониторинг департаментинин жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын адистери тарабынан Сулайман тоонун боорундагы ташты кооптуу абалда деп аныкташкан. Министрликтин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары 4-апрель күнү саат 10:00дөн баштап Сулайман тоодогу кооптуу турган, болжол менен 800 килограмм салмактагы ташты 70 метр бийиктиктен альпинисттик шаймандардын жардамында талкалап, кулатып түшүрүшүп, кырсыктын алдын алуу иш-чараларын көрүштү.