Бишкектеги 6-кичи райондогу Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү жашаган үйлөрдүн жанына көп кабаттуу үй курулганы жатат. Буга аталган аймакта жашаган тургундар нааразы. ЖКнын депутаты Дастан Бекешевдин билдиришинче, 4-апрелде аталган райондо митинг болуп өттү.
“Мен жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев жергиликтүү жашоочулардын жана жер ээсинин пикирлерин уктук. Жашоочуларды бул маселени мыйзам аркылуу чечүүгө чакырдык”,- деди Бекешев.
Депутат аталган үйдүн жанына балдар аянтчасы курулушу керектигин белгиледи.