Бүгүн, 7-апрелде кечке жуук Саруу айылынын тургундары 10-апрелде Бишкекте өтүүчү митингге катышуу боюнча чечимди кабыл алышат. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына аталган айылдын активисти
Замир Мендибаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн кечке маал саруулуктар чоң жыйын өткөрүп, Бишкекке кимдердин жана канча өкүлдүн барарын бекитишет.
Белгилей кетсек, айрым жергиликтүү ММКлар "Саруу айылынын 300гө чукул тургуну Бишкекте Улуттук оппозициялык кыймыл уюштурган митингге жөнөштү" деп жазып чыгышкан. Буга Замир Мендибаев "Мүмкүн, алар 9-апрелде өтүүчү сотко катышууга жөнөшкөн чыгар. Себеби ошол күнү Бишкекте Эрмек Жунушбаев жана Бактияр Курмановдун апелляциялык арызы боюнча соттун биринчи отуруму өтөт" деп жооп берди.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-февралында Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Кумтөр” ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар доолады” деп айыпталган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановду
7 жылга эркинен ажыраткан.