2010-жылдын 7-апрелине байланышкан сот иши жакында аягына чыкканы калды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде “Мекен шейиттери” коомунун лидери Осунбек Жамансариев SUPER.KG порталына билдирди. “7-апрель боюнча сот иши жакында аягына чыкканы калды”,- деди Жамансариев. “Бүгүн Апрель окуясында каза болгон баатырларга "Ала-Тоо" аянтында куран окутуу гана иштери болду. Негизинен ал жерде акыйкаттын аянты катары сөз сүйлөнчү. Акыркы эки жылдан бери андай болбой жатат”,- деп кошумчалады ал.