“Жаз-2014” мода жумалыгында Ильзара Комбарова автордук коллекциясы менен баш байгени жеңип алды

4-6-апрелде Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында өткөрүлгөн “Жаз-2014” мода жумалыгында профессионалдардын жана жаш дизайнерлердин кийимдеринин көргөзмөсү болду. 4-апрелде дасыккан дизайнерлердин коллекциясы тартууланса, 5-апрелде жаш дизайнерлер “Чоң шаардын стили”, “Жаңы көз караш”, “Балдар модасы”, “Иш күндөрү” номинациясында өз коллекцияларын калыстардын сынына коюшкан. 
6-апрелде уюштурулган гала-концертте сынакка катышкан мыкты коллекция ээлери аныкталган. Анда “Автордук иш” категориясында Ильзара Комбарова, "Peleg" коллекциясы менен атаандаштарын артка таштап, баш байгени жеңип кайткан.           
1-орун: Наргиз Азаматова, “Чоң шаардын стили” номинациясында “Кристаллизация” коллекциясы.
1-орун: Виктория жана Ирина Унгерлер, “Балдар модасы” номинациясында “Жазгы көңүл” коллекциясы.     
1-орун: Айнура Тагаева, “Заманбап этника” номинациясында “Мурастан” коллекциясы.  
1-орун: Мээрим Акматова, “Авангард” номинациясында “Автостраданын ханышасы” коллекциясы. 
1-орун: Иван Корнилов, “Сахна образы” номинациясында “Хан-Теңири” коллекциясы.   
Мындан тышкары Асел Бакир кызы, Айзада Кушчубаева “Толгон жаңылыктар” коллекциясы менен калыстар тобунун атайын сыйлыгына арзышканын уюштуруучу топ билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан