КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги 1 ай ичинде канча жаран өз SIM-карталарын каттатканын аныктоо үчүн анализ жүргүзөт. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө каттоодон өткөн SIM-карталардын так саны белгисиз.
Кошумчалай кетсек, 2014-жылдын 8-мартында күчүнө кирген жобо боюнча SIM-картаны сатып алып, уюлдук оператор менен келишим түзбөстөн пайдаланып жүргөндөр 1 жыл ичинде өзүнүн SIM-картасын каттоодон өткөрүүсү керек.