2013-жылдын 6-сентябрынан 2014-жылдын 31-мартына чейинки убакыт аралыгында КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине өзүнүн Орусияга барып иштөө мүмкүнчүлүгүн, Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынып-салынбаганын билүү максатында 17 201 жаран кайрылган. Кайрылгандардын 18 пайызы “Орусияга барууга тыюу салынган” деген жоопту алышкан. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта белгиленгендей, маалымат алуу үчүн Ош шаарынын тургундары эң көп кайрылышат. Ал эми өтө аз көрсөткүчтө кайрылгандар - Нарын облусунун тургундары.