Бүгүн Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар митингге чыгышты

Бүгүн, 7-апрелде Нарын шаарынын борбордук аянтына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар митингге чыгышты. Бул тууралуу Нарын облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, митингге чыккандар Нарын облусуна жакырчылыкты жоюу боюнча «Русгидро» тарабынан бөлүнгөн 350 миллион доллар акчага Нарын шаарында үй-жайы жок майыптарга там салып берүүнү жана майыптарын пенсиясын жогорулатууну талап кылышкан.

Алардын талаптарын угуу үчүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абраева чыгып жолугушту.

Митингге чыккандар талаптар аткарылбаса, Бишкекке чейин келе тургандарын эскертишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан