Ошто Ден соолук күнү белгиленди (фоторепертаж)

7-Апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун окутуучулар жамааты жана студенттери таңкы көнүгүүлөрдү жасашты. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышында институттун окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков сөз алып, ректораттын атынан жалпы катышуучуларды Ден соолук күнү менен куттуктап өттү. Аталган иш-чара окуу жайдын спорттук аянтчасында уюштурулуп, эртең мененки саат 8:00дөн баштап жарым саат ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо менен улантылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kara_kyrgyz
2014-04-07 16:26:42
ОГПИ физкультуралаштырылгандардансыздарбы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан