Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн окуянын 4 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү. Анда Элдик революциянын 40тан ашуун каармандарына жана катышуучуларына мэрия тарабынан сый тамак уюштурулуп, материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алгач Апрель окуясында курман болгондорго куран түшүрүлүп, шаардын вице-мэри Таирбек Чойбеков жана аймактык башкармалыктын башчылары катышкан иш-чара өнөрпоздордун концерттик программалары менен аяктады.