Улуттук оппозициялык кыймыл 7-Апрель окуясына карата билдирүү жасады

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жана экс-депутат Камчыбек Ташиев жетектеген Улуттук оппозициялык кыймыл 7-Апрель - Элдик революциянын 4 жылдыгына карата билдирүү жасады.

Билдирүүнүн тексти төмөнкүдөй:

"Улуттук оппозициялык кыймыл бүгүнкү 7-Апрель - Элдик ыңкылап күнүн кыргыз элинин адилеттүүлүккө жана акыйкаттыкка умтулган улуу күнү деп эсептейт. Мындан туура төрт жыл илгери миңдеген мекендештерибиз түп көтөрүлө авторитардык бийликке каршы аттанып, бакиевдик үй-бүлөлүк башкарууну талкалаган эле. Тилекке каршы, акыйкаттык үчүн күрөштө кандуу бийликтин огунан жүзгө жакын азаматтын өмүрү кыйылып, көптөгөн мекендештерибиз жаракат алышты. Улуттук оппозициялык кыймыл каза болгон эр-азаматтардын эрдигине шыктанып, жаркын элесине таазим этет!

Бирок билегин токмок, каруусун казык кылып, чечкиндүүлүк менен бакиевдик авторитардык бийликке каршы чыккан карапайым калктын аруу тилек, илгери үмүтү ишке ашпай, бүгүн алар кайрадан адилеттүүлүк менен акыйкат башкарууну талап кылып турушканы кашкайган чындык. Анткени элдик толкундоолордун арты менен бийликке келген президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кайрадан ошол элдин арыз-муңуна кулак салбай, авторитардык бийлигин чыңдоого багыт алды. 2010-жылы 7-апрелде төшүн окко тосуп, кара жанын тобокелге салган жалындуу жаштар саясатчылар берген убактылуу убадаларга, алардын утурумдук кызыкчылыгына алданганын түшүнүп турушат.

Анда "Ала-Тоо" аянтында чыккандар эл байлыгын элге кайтарууну талап кылган эле. Атамбаев, тескерисинче, Аскар Акаев түптөп, Курманбек Бакиев күчтөндүргөн коррупциялык системди улантып, «Центерра Голддун» адвокатына айланды. «Кумтөр» маселеси Атамбаев каалагандай 50х50 пайыз менен чечилип, мамлекеттин кызыкчылыгы ачык тебеленди.

Ал эми Апрель революциясынан кийин улутташтырылган бакиевчилердин мүлктөрү («БНК» май куюучу станциялары, «Мегаком» уюлдук түйүнү, «Аврора плюс» эс алуу үйлөрү жана башкалар) көмүскө жол менен сатылып кетти. Атамбаевдин жеке демилгеси менен «Кыргызгаз» ишканасы 1 долларга «Газпромго» сатылды. Эң кейиштүүсү, бийлик өлкөбүздүн аба дарбазасына айланган “Манас” аэропорту менен бирге Кыргызстандын 9 аэропортун чет элдик компанияга сатууга камынып жатат.

Бийликтин көмөгү менен криминалдык авторитет Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп, өлкөдөн чыгып кетти. Ага тиешеси бар министрлер, башкы прокурор жана судья Атамбаевге таянып, кылмыш жообуна тартылбай келишет. Анын ордуна атамбаевдик бийлик «Кумтөрдү» коргоп чыккан саруулуктарды түрмөгө камап, эл депутаттарын соттоп, элдин эркине каршы иш жасоодо. Оппозициялык саясатчыларды далили жок камап-тушаган президент коррупцияга шектелип, кылмыш иши козголгон жакын санаалаштары Жантөрө Сатыбалдиев, Каныбек Нарбаев, Тайырбек Сарпашев, Иса Өмүркуловду канатына калкалап отурат. Жакында Таласта тынчтык митингине чыккандарды кууп таратуу үчүн элге каршы курал колдонуу менен ал качкын президент К.Бакиевдин кандуу жолун кайталоого өттү.

Ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөрдөн улам элдин 7-апрелдеги революцияга ишеничи кетип отурат. Андыктан Улуттук оппозициялык кыймыл үзүлгөн элдин үмүтүн улоо үчүн, революциянын тилегин ишке ашыруу максатында өлкө ичиндеги бардык саясий күчтөрдү, активдүү жаштарды, коомдук уюмдарды жана мекенчил жарандарды 10-апрелдеги митингге катышууга жана чечкиндүү аракет жасоого чакырат!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан