Вице-премьер Эльвира Сариеванын Бишкек шаардык кеңештеги ордуна Адиса Имангазиева келет

Вице-премьер Эльвира Сариеванын Бишкек шаардык кеңештеги ордун Адиса Имангазиева ээлейт. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов кабарлады.

Айтымында, КСДПдан кезектеги талапкер болуп Адиса Имангазиева катталды. Жыйынтык эртең аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болот.  

Эскерте кетсек, КСДП фракциясынан Бишкек шаардык кеңештин экс-депутаты Эльвира Сариева Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан жаңы өкмөткө социалдык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматты ээлеген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан