"Жумушсуздук жеткен чегине жетип, эл дары-дармек сатып алып дарыланууга кудурети жетпей, жумушка жарактуулардын 90% өз мекенин таштап кеткенге мажбур болуп калды. Элдин 60% ысык тамак эмне экенин унутушту, эртең менен түштөнүүсү да, кечинде да тапкан тамагы чай, нан экени ачуу чындык. Ички жана сырткы миграция күч алып, айылдар ээн таалага айланып, айдоо аянттарды пайдалануу кыскарууда. Кымбатчылык күч алып, кийим-кечелерди, үй эмеректерди жаңылоого мүмкүнчүлүк жетпей, жашоо шарт күндөн-күнгө начарлоодо. Колунда жок эл аш-тойлордо гана ысык тамак ичпесе, өздөрүнчө тамак жасап ичкенге каржылык кудурети жетпей, эртең кантип нан таап жейбиз деген ой менен жашап жаткан мезгили. Карапайым эл жүрөк, бөйрөк ж.б. ооруларын чет мамлекеттерден дарылатууга жана оор операцияларды жасатууга чама-чаркы жетпей, кайырчынын кейпин кийип ар жерден жардам сурап, базарларда, жума намаздарда, колунда бар адамдардан жардам сурап, кайран шордуу элибиз кор болуп жаткан чагы. Мунусу аз келгенсип Кыргызстанга кандай бийлик келсе да чек ара, таза суу, жол азабы Баткен калкынын чечилбеген талылуу көйгөйлүү маселеси бойдон калып жатканы бизди өкүндүрөт. Кыргызстанды 20 жылдан бери кенедей соргон жетекчилерден тазалоо иштери жүрбөй, кайрадан бийликти ар кандай жолдор менен алып алышканы, эми 7-апрелде болсо бизди маскаралагансып революцияга катышкандарга ысык тамак берип куттуктоолорун айтып жатышкандарын угуудан жана алар менен катарлаш отуруп майрамдоодон баш тартабыз. Муну менен катар “Кыргыз-Ата” элдик саясий партиясынын башка облустарындагы мүчөлөрүн, партиянын борбордук аппаратын, лидерлерин, калайык калкты биздин кайрылуубузду толук колдойт деген ишенимдебиз".