Бүгүн, 7-апрелде Ошто 2010-жылкы Апрель окуясынын 4 жылдыгы эскерилип, ага кандуу кагылышта эрдик көрсөткөн баатырлар жана алардын жакындары чакырылды. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков катышты.
Ош шаарынын вице-мэри эрдик көрсөткөн баатырларга жана алардын жакындарына көңүл айтып: «Апрель революциясынын жеңишине, чындык, калыстык орнооруна, үй-бүлөлүк кландык башкаруу токтотуларына ишенүү менен өз келечегибизге үмүт менен караган элек. Тилегибиз ордунан чыгып, айрым оош-кыйыштарга карабастан өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп бараткандыгы баарыбызга белгилүү. Эң башкысы, элибизде тынчтык, улуттар аралык ынтымак өкүм сүрүп жаткандыгын канааттануу менен белгилөөгө болот. Бул күндү белгилеп жатып, бүгүнкү жеңишибиз оңой менен келбегенин, далай кырчын өмүрлөрдүн кыйылганын айтпай кете албайбыз. Элдин эркиндиги үчүн өз өмүрүн берген уулдарыбызды эсибизден чыгарбайбыз. Алардын элеси, мекенчилдиги унутулбайт»,- деди.