Курмантай Абдиев: “Баткендиктер кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин ачылышына каршы”

Баткендин көпчүлүк жашоочулары кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин ачылышына каршы. Муну ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин 7-апрелдеги жыйынында депутат Курмантай Абдиев билдирди. Депутат чек ара ачылганын ММКларга шилтеме берүү менен айтты.

“Жергиликтүү эл эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды, бул боюнча бизде да маалымат жок. Өткөрүү бекеттери эмненин негизинде ачылганы белгисиз”,- дейт Абдиев. 

Комитет төрагасы Алмазбек Баатырбеков айрым өткөрүү бекеттерин ачуу мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин тушунда макулдашылганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан