Бүгүн, 7-апрелде Ош шаарындагы "Алымбек датка” эс алуу аянтында “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014” иш-чарасынын ачылышы болуп өттү. Анда бир катар жаштар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, келген көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Мындай иш-чара Кыргызстан боюнча өтүп, 13-апрелге чейин созууларын «Youth of Osh» коомдук бирикмесинин жетекчиси Акмарал Сатимбаева белгилеп, бардык жаштарды активдүү катышууга чакырды.
Буга чейин айтылгандай, жакшылык жумалыгында өлкөнүн бардык аймагындагы жаштар "Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!” аттуу ураан менен колдоого муктаж адамдар үчүн социалдык иш-чараларды уюштурушат.
Жумалыкты өткөрүү демилгесин "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014” кампаниясы көтөрсө, долбоор USAID тарабынан каржыланган. Ошондой эле Эл аралык жаштар фондунун «Jasa.kg» программасынын демилгеси менен «Инстрим» коомдук фонду жана "Youth of Osh” коомдук биримдиги тарабынан жөнгө салынып келет.