ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдрахманов бүгүн, 7-апрелде “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматовдун “Абдрахманов - гей-активист” деген кеби чындыкка жатпасын айтты.
Депутат SUPER.KG порталына “Бул саясий кыймыл бийликтин кызыкчылыгын коргоп жатат. Балким, бийликтин “оппозицияны жок кылгыла” деген тапшырмасын аткарып жатат” деп билдирди. Андан тышкары Жеңиш Молдокматовдун бир дагы сөзү жөндүү эмес экенин кошумчалап, ага теңелүүнү туура көрбөй турганын айтты. “Бизде демократия. Демек, ар ким өзү каалаганын айтууга укутуу. Бирок саясат деп эле мынчалык ыплас болбош керек да. “Калыс” саясий кыймылы мурун мага келип, жардам сураган. Мен бизнесимди таштап, Америкага барып келгенимди айткан соң таарынып калса керек. Азырынча сотко берип-бербөө тууралуу ойлонуп жатабыз”,- дейт.
Кошумчалай кетсек, “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов бүгүн, 7-апрелде маалымат жыйынын өткөрүп, “ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдрахманов Бишкекте болгон гей-парадды колдогон. Ошондуктан ал гей-активист болуп эсептелинет” деген пикирин айткан.