Эртең Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлүп, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылат

Эртең, 8-апрелде №200-трансформаторундагы оңдоо иштерге байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жибек Жолу, Күрөңкеев, Школьная, Осмонкул көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ак-Өргөө конушундагы (Айдың-Көл, Жолон, Чамгарак, Саадак көчөлөрүндө), Алтын-Ордо конушундагы (2, 3, 4, 5, 6, 7-көчөлөрдө), Кара-Жыгач конушундагы (Дордой көчөсүндө), Ала-Тоо конушундагы (Арчагүл, Жоон-Дөбө, Бакыян, Тимур Фрунзе, Ахунбаев көчөлөрүндө) "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштерине байланыштуу аталган аймактарда электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Учурда Бишкектин жаңы конуштарына 16 837 "акылдуу" эсептегич орнотулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ulutman
2014-04-07 23:30:06
акылдуу эсептегич эмес эле, тубу жыртык казына. озубуздон электр жарыгы чыгып жатып дагы кененирээк колдоно албайбыз. айтоор карапйым калкты баардык жагынан эле кысып келатышат. жакын арада абадагы кычкылтекти деле сатышат го?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан